Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 9
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жыл үчүн милдеттери жана иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-47-беренелеринин негизинде Жалпак-Таш айыл өкмөтү сунуштаган айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жыл үчүн иш-чаралар планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жыл үчүн иш-чаралар планы алымча кошумчалары менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |