Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 14
Үч-Капчал айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч- Капчал айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч-Капчал айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Бала бакчанын имаратын куруу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |