Редакцияот 12.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2019-жылдын 12-июну № 17

 

БУУӨПтүн “Ош областын интеграциялап өнүктүрүү” програмасынын алганында жүрүп жаткан курулуштарды каржылоо үчүн 2-траншына келип түшкөн акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып БУУӨП тарабынан Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө келип түшкөн 792 737  сом акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүү жөнүндө маселе финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжодуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айлдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылы БУУӨПтүн “Ош областын интеграциялап өнүктүрүү” програмасынын алганында башталган курулуш иштерин каржылоо  үчүн  2-траншына келип түшкөн 792 737 сом акча каражатын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын III-кварталындагы бюджетинин чыгашаларынын төмөндөгү  беренесине жумшалсын;

- турак-жай комуналдык чарбага (атайын эсеп)-792737 сом.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                         

 

Ш. Арынов