Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 18
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 6 ай ичиндеги киреше бөлүгүнүн Роялти салыгынан 900,0 миң сом акча каражаты планга чыкпай калгандыгына байланыштуу,аталган акча каражатын чыгашалардын сметасынан кемитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Нурдиновдун сунушунун негизинде Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 6 ай ичиндеги киреше бөлүгүнүн Роялти салыгынан 900,0 миң сом акча каражаты планга чыкпай калгандыктан Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 айлык чыгашаларынан төмөндөгү беренесинен кемитилсин;
- турак-жай комуналдык чарбанын 3111 беренесинен - 900,0 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |