ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы
2019-жылдын 12-июну № 19
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн беренелерге жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичиндеги чыгашаларынын беренелеринен керектүү иштерге ашыкча чыгымдалгандыгына байланыштуу беренелерге жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Нурдиновдун билдирүүсүнүн негизинде Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичинде бекитилген беренелеринен керектүү иштерге ашыкча чыгымдалгандыктан беренелерге жылдыруу жагы каралсын;
- айыл чабанын 2221 беренесине 100,0 миң сом, маданият үйүнүн 3112 беренесине 60,0 миң сом, турак жай комуналдык чарбанын 2214 беренесине 109000 сом, жалпысы 469,0 миң сом акча каражаты турак-жай коммуналдык чарбанын 2221 беренесинен жылдырылсын;
- аппараттын 2222 беренесине 95,0 миң сом, аппараттын 2223 беренесине 35,0 миң сом, жалпысы 130,0 миң сом аппараттын 2221 беренесинен жылдырылсын;
- билим берүүнүн 2215 беренесине 50,0 миң сом билим берүүнүн 2221 беренесинен жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |