Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу № 21
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жөргиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында жөргиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 10718300 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 94823345 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жалпак-Таша йыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жарым жылдыгында айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы канааттандыраалык деп табылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү акча каражаттарын сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу жаты ФЭБтин башчысы А. Нурдиновго милдеттендирилсин жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын айыл өкмөтү жеке көзөмөлүнө алысын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция масеслери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |