Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 23
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен келген 306,2 миң сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине 55-беренесине ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен (максаттуу трансферт) келген 306,2 миң сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Нурдиновдун билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен (максаттуу трансферт) келген 306,2 сом акча каражаты Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 4-кварталындагы чыгаша тармагынын төмөндөгү беренесине жумшалсын;
- турак-жай комуналдык чабанын 2221 беренесине -306,2 миң сом.
2. Жогорудагы республикалык бюджеттен келген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |