Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № 24
Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жыл Жаңы жыл майрамын уюштуруу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жыл “Жаңы жыл” майрамынын уюштуруу, майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо жана Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жыл “Жаңы жыл” майрамы билим берүү мекемелеринде өткөрүлсүн жана социалдык жактан муктаж балдарга белектер уюштуруулсун.
2. Майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо жана жаш балдарга жарылуучу заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жалпак-Таш айылдык кенештин депутаттардын балдарына белек-бечкектерди уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 21,0 миң сом акча каражаты каралсын.
4. Акча каражаттарын бөлүү жана майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
Ш. Арынов |