Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 15
Кара-Ой айылынын ТЖКЧжЖТК тутумунун штаты жөнүндө
Кара-Ой айылынын ТЖКЧжЖТК тутумунун штатынын эмгек маянасын жана штаттык бирдигин бекитүү максатында, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылынын «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун» директорунун сунушунун негизинде контракттык негизде иштеген кызматкерлеринин айлык маянасы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
· Мектептин коопсуздук кызматкери (СБ школа) 2019-жылдын 01-октябрынан баштап 5000 (беш миӊ) сом айлык маянасы менен;
· Электрик кызматы 2020-жылдын 01-январынан баштап 7500 (жети миӊ беш жүз) сом айлык маянасы менен.
2. Кара-Ой айылынын «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна келишимдин негизинде
· 2020-жылдан баштап 1 (бир) ар кыл жумушчу 5000 (беш миӊ) сом айлык маянасы менен;
· 2020-жылдан баштап март айынан декабрь айына чейин 9 айга жашылдандыруу боюнча 2 (эки) жумушчу 5000 (беш миӊ) сомдон айлык маянасы менен.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» жана Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага |
Б.У. Усенбеков |