Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 9-марты № 2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин уюштурууну кошуу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин уюштурууну кошуу жөнүндөгү жумушчу комиссиясынын жыйынынын чечиминин негизинде Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу (КТК) кызматын уюштуруу, спорт оюндарын уюштуруу, маданий ийримдерди уюштуруу боюнча Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги менен таанышып чыгып, талкуулап Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагында Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу
Стратегиясынаартыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин уюштурууну кошуу колго алынсын
2. Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу (КТК) кызматы уюштурулсун (№1-тиркеме тиркелет)
3. Кара-Таш айыл аймагында Спорт оюндарын уюштуруу кызматы уюштурулсун (№2-тиркеме тиркелет)
4. Кара-Таш айыл аймагында маданий ийримдерди уюштуруу кызматы уюштурулсун (№3-тиркеме тиркелет)
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Н. Джаныбаев |