Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасынын тургуну Атабаев Дурустун 2019-жылдын 20-мартындагы № А/4-арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1 протоколунун чечиминин негизинде
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургуну Атабаев Дурустун 2019-жылдын 20-мартындагы № А/4-арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап Кара-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасынын тургуну Атабаев Дурустун 2019-жылдын 20-мартындагы № А/4 - арызы канааттандырылсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасындагы аты жок көчөгө коомдук ишмер Атабаев Мамасабирдин аты ыйгарылсын.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге жана мекеме-ишканаларга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |