Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 6
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургуну Абдырахман уулу Улукбектин 2019-жылдын 20-мартындагы № А/7 арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1 протоколунун чечиминин негизинде
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургуну Абдырахман уулу Улукбектин 2019-жылдын 20-мартындагы № А/-7 арызын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1 протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап Кара-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургуну Абдырахман уулу Улукбектин 2019-жылдын 20-мартындагы № А/7- арызы канааттандырылсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылындагы аты жок көчөгө Матмуратов Абдырахмандын аты ыйгарылсын.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге жана мекеме-ишканаларга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |