Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIX cессиясы
2019-жылдын 8-июлу № XХIX / I
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү боюнча Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына бекитилип берилген сметадан үнөм болгон акча каражатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. № 1 тиркеме тиркелет
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүкүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |
| Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын №XХIX/I токтомуна № 1 тиркеме
|
Бөлүмдөр | Үнөмдөлгөн акча каражаттары: | статья | Суммасы миң сом |
70629 | Имараттар жана башка курулмаларга байланышкан чыгымдарга. | 31112290 | -750,3 |
| Баардык үнөмдөлгөн акча каражаты: |
| -750,3
|
| Керектелүүчү акча каражаты:
|
|
|
70111 | Кара-Таш а/өкмөтүнүн АРИС аркылуу трактор алуу үчүн өздүк салымына Кара-Таш а/өкмөтүнө түстүү принтер алууга |
3112
3112 |
+364,0
+35,0 |
Жалпы суммасы: | +399,0 | ||
70911 | Бала бакчаларга көргөзмө куралдарды жасоо үчүн Бала бакчаларга үй чарба буюмдарын сатып алууга Бала бакчага ПСД даярдоо үчүн кошумча кызматына | 2215
2222
3111 |
+20,0
+35,0
+60,0 |
Жалпы суммасы: | +115,0 | ||
70921 | Мектептерге көргөзмө куралдарды жасатуу жана трансформаторлорго АПЗ үчүн К.Жунусов мектебинин электр эсептегичтерин жана линиялырын алмаштырууга жана чарба буюмдарына Нойгут мектебине от казан сатып алуу үчүн |
2215
2222
3112 |
+35,0
+51,3
+150,0 |
| Жалпы сумма: |
| +241,3 |
|
Баардык керектелген акча каражаты: |
|
+750,3 |
Кара-Таш айыл кеңешинин жооптуу катчысы А.Орунбаева