Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIX cессиясы
2019-жылдын 8-июлу № XХIX / II
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү боюнча Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жеригиликтүү бюджетинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын эсебинин (ата-энелер жана кызматкерлердин взносу) 14232400 беренесине киреше боюнча бекитилген планына, жаңы ачылган “Пазилат апа” жана “Эмирлан” балдар бакчасына кошулган бир тайпасына,калган бала бакчалардын взносу көтөрүлгөнүнүн эсебинен кошуп берүүгө жана кошумча түшкөн акча каражатын балдарга азык түлүк сатып алуу үчүн 22181100 беренесине чыгашалар боюнча бекитилген планына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджетинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун 14232400 беренесине киреше боюнча бекитилген планына 890700 (сегиз жүз токсон миң жети жүз) сом акча каражаты кошулуп көбөйтүрүлүп берилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджетинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун 22181100 беренесине чыгаша боюнча бекитилген планына 890700 (тогуз жүз отуз беш миң жети жүз сегиз жүз токсон миң жети жүз) сом акча каражаты кошулуп көбөйтүрүлүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүкүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |