Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIX cессиясы
2019-жылдын 8-июлу № XХIX /III
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнө Беларусь-82,1 тракторун жана түстүү принтер сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө
Кара-Таш аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында АРИС,айылдык кеңеш,айыл өкмөтү жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда алкактык келишим түзүлүп, ”Кара-Таш айыл аймагына Беларусь-82,1 тракторун алуу долбоору ишке ашып,айыл өкмөтүнүн накталай салымы 364000 (үч жүз алтымыш төрт миң) сомду түзгөн. Ал маселе Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору боюнча Беларусь-82,1 тракторун сатып алууга, айыл өкмөтүнүн накталай салымы үчүн 364000 (үч жүз алтымыш төрт миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ишмердүлүгүнө керектелүүчү түстүү принтер сатып алуу үчүн 35000 (отуз беш миң) сом ажыратылып берилсин
3. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |