Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIX cессиясы
2019-жылдын 8-июлу № XХIX/IV
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнүн, бала бакчаларга бюджеттен акча каражатын берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине негиз депутаттардын Кара-Таш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жаңы курулуп бүткөн “Келечек” балдар бакчасынын көргөзмө куралдары үчүн 20,0 (жыйырма) миң сом,жаңыдан курулуп жаткан “Бурабия” балдар бакчасынын долбоордук сметалык документтерин кайрадан даярдоо үчүн 60,0 (алтымыш) миң сом, үй чарба буюмдарын сатып алууга 35,0 (отуз беш) миң сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |