Редакцияот 01.02.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                                            № 1 тиркеме                                    Кыргыз Республикасынын Президентинин                                        2006-жылдын 1-февралындагы № 38                                               Жарлыгы менен бекитилген              Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу               Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар                         боюнча кењеш жөнүндө                                 ЖОБО                              I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-комму-никациялык технологиялар боюнча кењеш (мындан ары - Кењеш) маалыматташ-тыруу жана телекоммуникация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты координаци-ялаган орган болуп саналат.     2. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  мыйзам-дарын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын жана ушул Жобонужетекчиликке алат.     3. Кењештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.                  II. Негизги милдеттер жана функциялар      4. Кењеш:     - маалыматташтыруу  жана  телекоммуникация,   учурдагы   маалымат-тык-коммуникациялык  технологияларды өнүктүрүү жана аларды колдонуу жа-гынан мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын аныктоо жана  иштепчыгуу боюнча ишти координациялайт;     - ведомстволук региондук маалыматтык-телекоммуникациялык  система-ларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт,  Кыргыз Респуб-ликасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигинде  алардын  шайкеш  келишинжана өзара аракеттенүүсүн камсыз кылат, улуттук маалыматтык ресурстардытүзүү жана мамлекеттик компьютердик  тармакты  (МКТ)  өнүктүрүү  боюнчастратегиялык багыттарды аныктайт;     - маалыматташтыруу  жана  телекоммуникация  чөйрөсүндөгү  эларалыкпрограммаларга  жана  долбоорлорго  Кыргыз  Республикасынын катышуусунакөмөктөшөт;     - өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.                         III. Кењештин укуктары      5. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:     - өз  ишин  өзүнө  жүктөлгөн  милдеттерге жана функцияларга ылайыкжүргүзүүгө;     - өз  компетенциясынын чектеринде ар кандай маалыматты мамлекеттикбашкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан суратууга жана алууга;     - өз жыйналыштарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринчакырууга;     - өз  компетенциясындагы маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды Кыр-гыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнкароосуна киргизүү үчүн аларды даярдоого;     - учурдагы проблемалар боюнча тиешелүү сунуштарды жана  рекоменда-цияларды  даярдоо  үчүн  адистерди  тартууга  жана техникалык комитеттитүзүүгө;     - техникалык комитеттин отчетторун угууга жана бекитүүгө.                       IV. Кењештин ишин уюштуруу      6. Кењеш зарылчылыкка жараша,  бирок кварталына кеминде  бир  жолучакырылат.     7. Кењештин жыйналыштарын төрага же анын тапшыруусу боюнча биринчиорунбасары, ал эми ал жокто төраганын орунбасарларынын бири өткөрөт.     Кењештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки  бөлүгү  барболгон  учурда  чечим  кабыл алууга укуктуу болуп саналат,  мында чечимжыйналышка катышып отурган мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүгү тарабы-нан кабыл алынат.     8. Кењештин жыйналыштарын даярдоону жана  өткөрүүнү,  ошондой  элеанын  учурдагы  ишин  Кењештин  жооптуу  катчысы  техникалык комитеттинкөмөгү менен жүзөгө ашырат.  Техникалык комитеттин курамын Кыргыз  Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бекитет.