Редакцияот 08.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Таш  айыл  кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз  XXIX cессиясы

 

2019-жылдын 8-июлу № XХIX/V           

          

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүнүн, орто мектептерге  бюджеттен акча каражатын берүү  жөнүндө

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын бюджетинин чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине  негиз депутаттардын Кара-Таш  айылдык Кеңеши

Т О К Т О М  К  Ы  Л  А  Т:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн А.Мамыров орто мектебинин көргөзмө куралдары үчүн, трансформаторлордун иш кагаздарын даярдоого  35,0 (отуз беш) миң сом, Нойгут орто мектебине от казан сатып алууга 150,0 (бир жүз элүү) миң сом, К.Жунусов орто мектебине электр эсептегич жана үй чарба буюмдарын сатып алууга  51,3 (элүү бир миң үч жүз)  сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.      

 

Төрага                                         

 

Н. Джаныбаев