Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXX cессиясы
2019-жылдын 31-октябры № ХXX / VI
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин бекитүү боюнча Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрь айындагы № XXII/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтү, 2019-жылдын 9 айынын планынын аткарылышын эске алып,Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашаларына планды тактоонун жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешесин кошуп көбөйтүрүп,чыгашалары боюнча планга коюп берүү жөнүндө Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин кирешелери боюнча жыл башында бекитилген планы № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн. (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин чыгашалары боюнча планына, кошумча түшкөн акча каражатын эске алуу менен № 2 тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет)
3. Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысы жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н. Джаныбаев |
| Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXсессиясынын токтомуна (XXX-VI) № 1- тиркеме
|
1. Кирешелер боюнча
Кирешелердин беренеси | 2019-жылдын 10 айына бекитилген план (миң сом) | 2019-жылдын 10 айына такталган план (миң сом) | 2019-жылдын 10 айына такталган сумманын айрымасы (миң сом) |
11412 Сатуудан алынуучу салык |
151,5 |
75,5 |
-76,0 |
11462 Роялти салыгы | 3,6 | 103,6 | +100,0 |
14151 Лицензиялды кармап туруу үчүн төлөм |
480,4 |
19,8 |
-460,0 |
14511 Өнүктүрүү каражаты |
| 86,6 | +86,6 |
14152 Калктуу конуштардагы жерлерге ижира акы үчүн төлөм |
138,9 |
88,9 |
-50,0 |
Жалпысы | 774,4 | 374,4 | -400,0 |
Кара-Таш айыл
кеңешинин жооптуу катчысы А.Орунбаева
| Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXсессиясынын токтомуна (XXX-VI) № 2- тиркеме
|
2. Чыгашалар боюнча
Чыгашалардын бөлүмдөрү | Чыгышталуучу акча каражатынын багыты | Чыгашалардын беренеси | Суммасы (миң сом) |
70111 | - Кара-Таш айыл өкмөтүнүн имаратына жылытуу системасын курууга | 3111 | - 400,0 |
| Жалпысы |
| - 400,0 |
Кара-Таш айыл
кеңешинин жооптуу катчысы А.Орунбаева