Редакцияот 24.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жыргалаң айыл аймагынын Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XII сессиясы

 

2019-жылдын 24-январы № 27                             

          

Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо  жайын (бакчасы) куруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”  Жарлыгын ишке ашыруу жана айылга сергек жашоону жайылтуу максатында,  ошондой эле Жыргалаң айылынын тургундарынын  2019-жылдын 22-январындагы өткөн жалпы жыйындын чечимин эске алуу менен Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо  жайы (бакчасы) курууга макулдук берилсин.

2. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо  жайы (бакчасы) куруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана тиешелүү документтерди даярдоо жагы Жыргалаң айылдык кенешинин социалдык маселелер, депутаттык этика жана мекеме ишканалар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытов Э.К.)  жана  Жыргалаң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Жыргалаң айылына ден-соолукту чындоо жайы (бакчасы) курууга жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн ар кандай жумуштарга уюштуруу жагы “Жыргалаң Ынтымагы” борбордук жамаатынын төрагасына Ш.К.Курмановго тапшырылсын.

4. Жыргалаң айылына ден- соолукту чындоо  жайы (бакчасы) курууга  жер тилкесин бөлдүрүп берүү жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн алдындагы жеке менчик куруу  үчүн  жер участокторун берүү жана башка маселелерди чечүү боюнча комиссиясынан (Курманов Ш.К.) суралсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Мукалаевге жүктөлсүн.

                                                    

Төрайым                                         

 

К.С. Букаева