Загрузка документа…
ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жыргалаң айыл аймагынын Жыргалаң айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 31
Жыргалаң айылында орун алган № 713 кубаттуулугу 100 кВА көмөк чордону жөнүндө
Жыргалаң айылында орун алган № 713 кубаттуулугу 100 кВА көмөк чордону Т.Асанбаев атындагы жалпы орто мектебин электроэнергия менен камсыз кылат. Аталган подстанция 2014-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу аркылуу сатылып келинген (баасы 200 миң сом) жана Жыргалаң айыл өкмөтүнүн балансына киргизилген. Жергиликтүү бюджеттин көлөмү аз өлчөмүндө болгондуктан подстанциянын туруктуу иштешине жана убагында тетиктерин, майларын алмаштурууга акча каражат жетпей жатууда. Ошондуктан Т. Асанбаев атындагы жалпы орто мектебин электроэнергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Жыргалаң айыл аймагынын Жыргалаң айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезекcиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Асанбаев атындагы жалпы орто мектебин электроэнергия менен камсыз кылган № 713 кубаттуулугу 100 кВА көмөк чордону, акысыз жолу менен, Жыргалаң айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылып Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. № 713 кубаттуулугу 100 кВА көмөк чордонун, акысыз жолу менен, Жыргалаң айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамын түзүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнө (Т.А. Мукалаев) тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчсы Т.А. Мукалаевге жүктөлсүн.
Төрайым |
К.С. Букаева |