Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 1
2019-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши 2019-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап, Кызыл-Суу айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2019– жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 7995,5 миң сомго бекитилсин. (анын ичинен 700,0 миң сом атайын каражаттан)
2. 2020-2022-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
2020- жылга 14522,8 мин сом
2021- жылга 15380,8 миң сом
2022- жылга 16605 миң сом божомолдуу түрдө бекитилсин.
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ветадис Эргешбаев Сайпидин менен түзүлгөн төлөмдүк келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын “8” 07 №403 токтомунда көрсөтүлгөн шарттарына ылайык төлөнсүн.
4. Башкаруу аппаратынын жалпы 18 штаттык бирдиги бекитилсин, анын ичинен айыл башчысы-3, аскерге учет жүргүзүүчү-2, тейлөө кызматкери-2, төлөмдүк келишимдин негизинде -1.
5. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Касимовго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Дадабаев |