Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 3
Мал жандыктарынын баш санына салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагында жеке менчик малдарга жана жандыктардын баш санына салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин аймагындагы кожолуктардын жеке менчик малдарына жана жандыктарына жайыт салыктарын өндүрүү үчүн салык өлчөмдөрү 2019-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин
1. Кара малга 50 сом.
2. Жылкыга 50 сом.
3. Кой эчкиге 25 сом
Ал эми айыл аймагынан тышкары жактан алып келген менчик мал жана жандыктарга төмөндөгүдөй салык өлчөмдөрү киргизилсин.
1. Кара малга -100 сом.
2. Жылкыгы - 100 сом.
3. Кой-эчкиге -50 сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кызыл-суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Досбаев, жайыт комитетинин бухгалтери Сөлпуев Асанга милдеттендирилсин.
3. Айылдар боюнча менчик мал жана жандыктардын так эсебин алуу менен жайыт салыктарын жыйноого баардык айылдардын айыл башчылары көмөк көрсөтүшсүн.
4. Токтомго көзөмөл жүргүзүү милдети туруктуу комиссияга жана ФЭБ башчы К. Касымовго жүктөлсүн.
Төрага |
К. Дадабаев |