Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы № 1
2018-жылдагы бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши 2018-жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышы, 2018-жылдын бюджетинен калган калдыкты 2019-жылга бекитүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап, Кызыл-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы, чыгаша жана киреше бөлүгү 9155,9 миң сомго бекитилсин жана канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Суу 2018-жылдын бюджетинен калган 176,1 миң сом, атайын эсептен калган 50,0 миң сом калдык 2019-жылга максаттуу түрдө жумшалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Дадабаев |