Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 1
2017-жылдын 1-январынан баштап,2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү жөнөткөн 2019-жылдын 24-майындагы № 01-12/232 чыгыш катын аткаруу максатында Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан баштап, 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктери үчүн кызматчыларга чара көрүүсүн айылөкмөтүнүн башчысынан суралсын.
2. Актта көрсөтүлгөн “МЭДЖИК-КОЛОРС”ЖЧК 2017-2018-жылдагы келишим боюнча өндүрүлбөй калган 190,9 миң сомду өндүрүү жагы, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Дадабаев |