Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 4
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.06.2005-жылдагы № 82 Указынын жана КР ИИМнин № 293 09.05.2005-жылындагы буйругунун негизинде Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жөнүндө
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 25.06.2005-жылдагы № 82 Указынын жана КР ИИМ нин № 293 09.05.2005-жылындагы буйругунун негизинде Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап чыгып депутаттардын сунуш пикирин угуп Кызыл-Суу айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы буйруктарды ишке ашыруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору төмөндөгү курам түзүлсүн.
1. Адишов Э - Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси коомдук алдын алуу борборунун башчысы.
2. Маматов К - Аксакалдар стунун төрагасы коомдук алдын алуу борборунун орун басары
3. Кулботоева О - Аялдар кенешинин төрайымы катчысы
Мүчөлөрү:
4. Рустамбек к Г - Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жоопту катчынын милдетин аткаруучу.
5. Айыл башчылар
2. Түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун ишин уюштурууга көмөк көрсөтүү жана аны көзөмөлгө алуу жагы коомдук алдын алуу борборунун башчысы Э. Адишовго милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл округунун Кеңешинин мамлекеттик тил, маданият, дин, каада-салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. Дадабаев |