Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры № 2
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчы айылынын тургуну Садыков Каныбектин жазган арызын карап чыгып, жер тилкесин бөлүп, берүү жөнүндө Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыков Каныбекке Чайчы айылынын Кара-Булак участкасынан балык багууга жай курууга 1 га жер тилкеси берилсин.
2. Балык багууга жай куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап, берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан, Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Дадабаев |