Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 65
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021 жылга долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаргылчак айыл екметунун финансы экономика белумунун башчысы Н.Ишебаевтин билдируусун угуп жана айылдык Кенештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен талкуулап Жаргылчак айыл кенешинин XXVII чакырылышынын 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан 2019-жылга берилген долбоорду талкуулап,айыл өкмөтүнүн расчеторунун негизинде жалпы киреше бөлүгү 18917,0 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер 18377,0 миң, сом жана чыгымдар 18377,0 миң сом көлөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары кирешелери 540,0 миң сом жана чыгымдар 540,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджета 2019-жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2020-жылга бюджеттик долбоору № 3 тиркемеге ылайык 24410,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2021 -жылга бюджеттик долбоору № 3 тиркемеге ылайык 28063,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджетке 2019-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар № 4 тиркемеге ылайык 237700 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин 21,5 штат бирдиги 267497-41 сом айлык акы менен бекитилсин.
9. Спорт оюндарына 120 000 сом, депутаттык кубоктор үчүн 120000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул эмгек акысы жыл ичинде өткөргөн он сессияга 6 500 сом жана соцфондго 1121 сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Жергиликтүү бюджетке салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлөрдүн 70 пайыз өлчөмү айыл аймактарына калтырылгандыктан менчиктин баардык түрлөрүндөгү ишканалардан, уюмдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардан алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бөлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акыдан, жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү №2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
12. 2018-жылы төлөнбөй калган карыздар 2019-жылдын бюджетинин эсебинен бюджет комитетинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.
13. Айыл аймактын айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш-чаралары толук өз багытында, акча каражаты 200,0 миң сомдон жогору болсо айыл аймактын айыл кеңешинин токтомунун негизинде үзгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу, айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
14. 2019-жылдын бюджетине түшкөн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каржылоого жумшалсын.
15. Жергиликтүү бюджетке келип түшкөн атайын каражаттарын казынадан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын, казнадан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тиешелуүү деңгээлде өндүрүлүп бюджетке алынышы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
16. Айылдык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат акчасы 100.0 миң сом көлөмүндө чектелсин.
17. 2019—жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бөлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдан кварталга, статьядан статьяга, классификациядан классификацияга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу жана бюджет комитетинин макулдугу менен которууга мүмкүндүк берилсин.
18. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
19. Токтом 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
Төрага |
К.А. Мокеев |