Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 64
Грейдердин тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ез алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде "'Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС" муниципалдык ишкананын сунушун карап, талкууга алып. айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу максатында грейдердин тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин: 1 км - 5951 сом.
2. Грейдерди кармоо жана өзүн-үзүн актоо. бюджетти толтуруу максатында "Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС" муниципалдык ишканага мамлекеттик сатып алууга (порталга) катышуу үчүн уруксаг берилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы "Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС" муниципалдык ишкананын башчысы Б. Акуновго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Э.А. Темиров |