Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры № 73
Теплоключенка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 4-июнундагы № 37 "Теплоключенка айыл аймагындагы Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн № 1209 контурдагы 0,20га; № 1183 контурдагы 0,10га жер тилкесин жайыт категориясынан башка категорияга которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн көрсөтүлгөн контурлар дал келбегендигине байланыштуу, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагындагы Ысык-Көл областтык балдар реабилитациялоо борборунун саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн Теплоключенка айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы № 1209 контурдагы 0,20га; № 1183 контурдагы 0,10га жайыт жана № 11 контурдагы 0.20га кайрак айдоо жер тилкелерин “өнөр-жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттерилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин муниципалдык менчик. жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бекиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага |
Э.А. Темиров |