Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-февралы № 1
2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда калган 1414,7 миң. сом бош калдык акчаны бɵлүштүрүү жɵнүндɵ
«Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ» Мыйзамынын 3-главасынын 13-беренесинин негизинде, Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн эсеп счетунда 2019-жылдын 01-январына карата калган 1414,7 миң.сом бош калдык акча каражаты тɵмɵндɵгүчɵ бɵлүнсүн;
А) Кара-Дɵбɵ айылына 4 даана электр мамычасын орнотууга
40,0 миң. сом
Б) Проекттер менен иштɵɵгɵ 44,5 миң.сом
В) Жайыт комитетине 5,4 миң.сом
Г) 2018-жылдын декабрында Ош-Бишкек Кара-Суу-Отуз-Адыр
жол кесилишине орнотулган светофорго 62,0 миң.сом
Д) 2018-жылы айылдарга тɵгүлгɵн шагылга 190,1миң.сом
Ж) Ош-Бишкек авто жолун бойлото курулган кɵчɵ чырактарын
алмаштырууга 400,0 миң.сом
Е) Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарын акыр-чикирден
тазалоо жана жашылдандыруу иштерине 181,9 миң.сом
К) Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу жерге муниципалдык
китеп жасатууга жана башка иштерге 40,0 миң.сом
Л) Кызыл-Абад айылынын тургуну Калназаров Джоробайга
гемодиализ алуу үчүн жеңилдик берүүгɵ 10,0 миң.сом
М) Кара-Суу райондук шаар курулушу жана архитектура
башкармалыгы тарабынан даярдалган оцифровкалык
кадастрдык карталар үчүн 175.3 миң.сом
Н) Спорт товарларын алууга 10,0 миң.сом
Ң) АРИС уюмунан техника алууга 180,0 миң.сом
О) Соттун чечимин аткарууга 75,5 миң.сом
Жалпы жыйынтыгы: 1414,7 миң.сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (С.Алдраков) тапшырылсын.
Төрага |
А.Д. Беделов |