Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-февралы № 3
Жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифтерин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген «Жайыт пайдалануу үчүн акыны белгилɵɵнүн тартиби» жɵнүндɵ аттуу типтүү Жобонун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 01-апрелинен баштап токой чарбасынын алыскы техника баралбаган жерлеринен ижарага алынган жерлер үчүн жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифи
бир баш кара мал үчүн -120 сом,
бир баш кой-эчки үчүн -25 сом,
бир баш жылкы үчүн -120 сом
ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасы Мамасалиев Анжиянбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага |
А.Д. Беделов |