Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (V шайланган ) кезектеги он алтынчы сессиясынын жыйыны
2016-жылдын 22-февралы № 16/4
Кашка- Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Талап айылын түштүк тарабында жайгашкан четки көчөгө Абдыраев Каланын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы Ырыскулов Абдибаиттин билдирүүсүн угуп жана 20.12.2015-жылдагы Жаңы-Талап айылынын элдик жыйынынын № 3 протоколун карал чыгып Кашка- Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка- Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Талап айылынын 20.12.2015-жылдагы элдик жыйынынын № 3 протоколу бекитилсин.
2. Жаңы-Талап айылынын түштүк тарабында жайгашкан четки көчөгө Абдыраев Каланын ысымы ыйгарылсын.
3. Абдыраев Каланын ысымы ыйгарылган көчөгө номер, табличкаларды илүү, көчөнү жарыктандыруу, оңдоп түзөө жактары Абдыраев Каланын үй бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Абдырахманов |