Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 10-сессиясы (жетинчи шайланган)
2018-жылдын 20-декабры № 10/2
Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Назарбаев көчөсүндөгү ачылып жаткан балдар бакчасынын ишин тездетүү жөнүндө
Ак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-апрелинде "Эски мектептин имаратына балдар бакчасы ачуу жөнүндөгү" № 3\3 токтомунун негизинде Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Назарбаев көчөсүндөгү ачылып жаткан балдар бакчасынын ишин тездетүү жөнүндөгү маселе сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-апрелинде "Эски мектептин имаратына балдар бакчасы ачуу жөнүндөгү" №3\3 токтомунун негизинде Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы Назарбаев көчөсүндөгү ачылып жаткан балдар бакчасынын ишин тездетүү колго алынсын.
2. Жылкелди айылынын тургуну Кожошева Алтынай 2019-жылдын апрель айынан баштап балдар бакчасын ачып. тез арада ишке киргизсин.
3. Балдар бакчасына тиешелүү иш кагаздары жана документтерин ондоо жана толуктоо иштери 2019-жыл ичинде бүткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы B.Акимовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Б. Акимов |