Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын XXX сессиясынын отуруму
2019-жылдын 25-декабры № XXX-2
Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республиканын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык мэриясынын 2020-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 5 200,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 5 500,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 5248,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Гафаров |