Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын XXX сессиясынын отуруму
2019-жылдын 25-декабры № XXX-3
Ноокат шаар мэриясына караган түзүмдөргө техника сатып алуу жөнүндө
“Ноокат Коммунальщик” ишканасына бир даана суу себе турган атайын техника сатып алуу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясына караган “Ноокат Коммунальщик” ишканасына бир даана суу себе турган атайын техника сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 2 500 000 (эки жарым миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |