Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҮЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын XXX сессиясынын отуруму
2019-жылдын 25-декабры № XXX-6
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына акча каражатын берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин эсебинен:
3112-ар кандай жабдууларды сатып алуу үчүн 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
3111-оңдоп-түзөө иштерине 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Гафаров |