Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин № 7 чакырылышынын 6- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 16-ноябры № 5-3
“Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин тактоо жана пайдаланып жаткан муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин мыйзамдуулугун териштирүү” жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жер жана Коммуналдык иштер боюнча башкы адиси М.Маликовдун айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелери жана пайдаланып жаткан муниципалдык жер тилкелери жөнүндө берген маалыматына карап, Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш, сын-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканмуниципалдык менчиктеги жер тилкелери жана пайдаланып жаткан муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин мыйзамдуулугу такталсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин тактоо жана пайдаланып жаткан муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин мыйзамдуулугун териштирүү Жер жана Коммуналдык иштер боюнча башкы адис М.Маликовго жана Айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология жана туруктуу комиссия курамына тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Тойчуев |