Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин № 7 чакырылышынын 5- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 16-ноябры № 5-4
«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн спортсмендери Болотбек кызы Зарина, Таалайбек кызы Мадина, Курманбек кызы Курманжандар «Бирман» Бокс түрүнүн дүйнөлүк биринчилигине Россия Федерациясынын Москва шаарына барып катышып келүү үчүн акча каражатын карап берүү» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн спортсмендери Болотбек кызы Зарина, Таалайбек кызы Мадина, Курманбек кызы Курманжандар «Бирман» Бокс түрүнүн дүйнөлүк биринчилигине Россия Федерациясынын Москва шаарына барып катышып келүү үчүн акча каражатын карап берүү максатында Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш,пикирин угуп, талкуулап, Н.Исанов Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн спортсмендери Болотбек кызы Зарина, Таалайбек кызы Мадина, Курманбек кызы Курманжандар «Бирман» Бокс түрүнүн дүйнөлүк биринчилигине Россия Федерациясынын Москва шаарына барып, катышып келүү үчүн акча каражаты менен камсыздалсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн спортсмендери Болотбек кызы Зарина, Таалайбек кызы Мадина, Курманбек кызы Курманжандар «Бирман» Бокс түрүнүн дүйнөлүк биринчилигине Россия Федерациясынын Москва шаарына барып катышып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты менен камсыздоо ФЭБ башчы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык Кеңешинин экономика-соода ишмердүүлүк жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |