Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин № 7 чакырылышынын 5- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 16-ноябры № 5-6
«Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жана протокол түзүүчүлөрдүн курамын бекитүү» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 токтому менен бекитилген Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жана протокол түзүүчүлөрдүн курамын бекитүү максатында Н.Исанов атындагы Айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамына өзгөтүү киргизилип, протокол түзүүчүлөрдүн курамы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана иш алып баруу түзүлгөн комиссия курамга жана протокол түзүүчүлөрдүн курамына милдеттендирилсин.
• Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиясынын төрайымына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев | ||
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча өзгөртүлгөн комиссия жана протокол түзүүчүлөрдүн курамынын тизмеси • Комиссиянын төрагасы- Касиев Талантбек Мойдунович - К-Кожокенин айыл башчысы • Комиссиянын төрагасынын орун басары Мөнөков Мамасали Мойдунович - Ж-Коргон айылынын башчысы • Комиссиянын катчысы - Н.Атаканова - Айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы • Комиссиянын мүчөсү Марат Маликов - Айыл өкмөтүнүн жер бюнча башкы адиси • Комиссиянын мүчөсү Эргешов Вахабб - Айыл Кеңешинин депутаты • Комиссиянын мүчөсү Коргонбаев Жеңиш - Айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери • Нурмаматов Жоодар - «Барс Мурас» спорт комплек-н жетекчиси
Жооптуу катчы Н. Атаканова
Н. Исанов атындагы Айыл Кеңешинин 16-ноябрь 2019-жылдагы № 5-6 токтомуна № 2 тиркеме
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча протокол түзүүчүлөрдүн курамынын тизмеси
• Абдыкеримов Абытайыр – Айылдык Кеңештин депутаты • Ташиев Мелис - Айылдык Кеңештин депутаты • Абдурахманов Убайдулла - Тескей- Кожокенин айыл башчысы • Рахманов Сейит - Чеч-Дөбөнүн айыл башчысы • Зулунова Бүсайра - Тескей-Кожокенин тургуну
Жооптуу катчы Н. Атаканова
|
|