Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин № 7 чакырылышынын 5- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 16-ноябры № 5-7
«Күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыздоо маселеси» жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын тургундарынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында,калкты көмүр менен камсыздоо үчүн Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш, пикирин угуп, талкуулап, Н.Исанов Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын тургундарынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр менен камсыздалсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын тургундарынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр маселесин чечүү үчүн көмүр алуучулардын тизмесин тактап,депуттаттардан кошуп, комиссия курам түзүп, бир жуманын ичинде алып келүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Юлдашевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика, коомдук тартип боюнча комиссиясынын төрайымына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |
|
|