Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин № 7 чакырылышынын 5- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 16-ноябры № 5-8
«Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Бель ооруканасы» жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Бель айылдык ооруканасынын долбоорун бүткөрүү максатында, Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш,пикирин угуп, талкуулап, Н. Исанов Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Бель айылдык ооруканасынын долбоорун бүткөрүү камсыздалсын.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Бель айылдык ооруканасынын долбоорун бүтүрүп, иш кагаздарын тийиштүү органдарга жөнөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык Кеңешинин социалдык маданият, билим берүү, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |
|
|