Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 35-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 29-ноябры № 1
Дароот-Коргон айылындагы спорт комлекске маркум Анапияев Алманбет Мамадамиовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл айылдык кеңешинин депутаттары Р.Абдилакимовдун жана А.Акимовдун сунуштарынын жана Чоң-Алай районундагы жашоочулардын сунуштарын эске алып Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 35-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекске эл аралык «Алыш» федерациясынын мурунку президенти маркум Анапияев Алманбет Мамадаминовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Маркумдун ысымын ыйгаруу үчүн демилгелүү топтун колдору эске алынсын жана Кара-Кыя участкасынын жашоочуларынын протоколу тиркелсин.
3. Маркумдун аты коюлган спорт комплекстин айрым оңдоп түзөө жана жыл сайын катардагы ремонттон өткөрүп туруу жана жыл сайын маркумдин элесине ар түрдүү турнирлерди өткөрүп туруу жагы маркумдун туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |