Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 35-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 29-ноябры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы Тараша каналынын эскилиги жеткендигине байланыштуу ордуна кайрадан жаңы каналды курууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жайчибековдун Жар-Башы айылындагыТараша каналынын эскилиги жеткендигине байланыштуу ордуна кайрадан жаңы каналды куруу боюнча сунушунун негизинде Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 35-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы Тараша каналынын эскилиги жеткендигине байланыштуу ордуна кайрадан жаңы канал курууга макулдук берилсин.
2. Каналга тиешелүү долбоорун жана башка иш кагаздарын бүткөрүү Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |