Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган ) кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйыны
2019-жылдын 26-марты № 14/1
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кашка-Жол айыл аймагынын ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча жобосунун негизинде ыксыз чыгымдарды азайтуу жана ыксыз чыгымдар боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кашка-Жол айыл аймагынын ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча жобосунун негизинде ыксыз чыгымдарды азайтуу жана ыксыз чыгымдар боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө Т. Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ыксыз чыгымдарды азайтуу үчүн төмөндөгү нерселер кабыл алынсын:
- тажияга 2 кой союлсун.
- жылдык өткөрүүгө 2 кой же 1 бодо союлсун.
- үчүлүк,пайшамбалик,кыркты өткөрүүгө тыюу салынсын .
- чай ичирүүгө, сандык ачууга тыюу салынсын.
- көк кийүү,бир туугандары жана кыздары гана кийсин.
- маркумга эстелик коюуга тыюу салынсын.
- себет алып барууга, алууга, кой союуп коноктоого тыюу салынсын.
2. Ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча Кашка-Жол айыл аймагында төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
1. Рахманберди уулу Ш – айыл аймагынын башчысы- комиссиянын төрагасы.
2. Т. Оморов – айылдык Кеңештин төрагасы- төраганын жардамчысы.
Мүчөлөрү:
3. Ш Өлбөсалиев – аймактык ага тескөөчү.
4. Р. Өмүралиев – ардагерлер кеңешинин төрагасы.
5. И Бусурманкулова- аялдар кеңешинин төрайымы.
6. М Фозилов – жаштар кеңешинин төрагасы.
7. Ж Мырзаибраимов – аксакалдар кеңешинин мүчөсү.
8. Б Абдылдаев – айыл аймагындагы имамдарынын төрагасы.
9. З Калмурзаева – айылдык Кеңешинин депутаты.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүндө, айылдарда түзүлгөн комиссияларына милдеттендирилсин жана жогорудагы комиссиянын курамы ыксыз чыгымдар боюнча токтомду аткарууга алышсын.
Төрага | Т. Оморов |
«Бекитемин»
айылдык кеңешинин төрагасы
Оморов Туратбек
“___” ________2019-жыл
Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу ар тараптуу ишкс ашыруу максатында Кашка-Жол айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча ЖОБО
Тажияда төмөндөгү нерселер ыксыз чыгымдын көбөйүшүнө шарт түзөт:
1. Тажияда жылкы, бодо мал союу
2. Үчтүк, пайшамбилик, жетилик, жумалык жана кырктык өткөрүү 3.Өткөн маркумду эскерип көк кийүү
4. Себет көтөрүү, себет алып баруу, себет кабыл алуу
5. Чай ичирүү
6. Маркумдун бейитине эстелик тургузуу
Тажияда маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды азайтуу.
1. Тажияда жана жылдыкта эки кой же бир бододон ашык союулбасын. Сөөк кайтаргандарга союуш союулбасын. Жаназа намазга турган молдолорго жылкы баласы берилбесин. Куран окутканда дастарконго нан, боорсоктон башка эч кандай конфет, печенье ж.б. коюулбасын (Эки кой союулса бодо союулбайт, бир бодо союулса жандык союлбайт.)
2. Үчтүк, пайшамбилик, жетилик, жумалык жана кырктык өткөрүүгө тыюу салынсын.
3. Өткөн маркумду эскерип көк кийүү маркумдун кыздарына жана жубайына гана болсун! Көк кийүү шариатта жок экенин райондун имам-хатиби, айылдын имамдары элдерге түшүндүрү иштерин жүргүзүшсүн.
Чай ичирүүгө, союш жетеленге. атайын үй бөлүп коноктоого, сандык ачуута. жыртыш берүүгө, себет алып барууга, себет кабыл алууга тыюу салынсын.
Маркумдун бейитине эстелик тургузулбасын. Элүү жылда эл жаңы. жүз жылда жер жаңы толгон күмбөздөр кайра жайга иштетүүгө берилсин.
6. Райондун элин социалдык жактан муктаждыка түрткөн ыксыз чыгымдарды ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында айыл өкмөттөрүндө, ар бир айылда атайын комиссиялар түзүлсүн. Айылдык комиссиялар айыл өкмөтүндөгү комиссияларга, айыл өкмөтүндөгү комиссиялар райондогу комиссияга ар бир айдын 25-31де жасаган иштери боюнча отчет берип турушсун. Айыл өкмөтүнүн башчысы жылына бир жолу ыксыз чыгымдар боюнча айылдык кеңештин сессияларында депутаттарга отчет беришсин.
7. Баардык айыл аймактарында жана айылдарда ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
8. Ушул резалюция айылдык кеңештин сессияларында талкууланып бекитилсин.
Кашка-Жол айыл аймагынын
жооптуу катчысы Б. Жусупалиев