Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган ) кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйыны
2019-жылдын 26-марты № 14/2
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Републикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пункутуна ылайык, Кашка-Жол айыл амагынын 2019-жылдын чын куран айынын 5деги № 46 буйругунун негизинде, «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институнун Түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кашка-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдарын, райондун админстрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2017-жылдын бирдин айынын 13-дөгү № 36-буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл аймагынын башчысы Рахманберди у Шайырбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Оморов |