Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы
2017-жылдын 22-ноябры № 52
Кадамжай шаарынын аймагындагы Кыргыз лицейине жатакана куруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын муниципалдык менчигинде турган Кыргыз лицейинин аймагына инвестиция тартуу менен жатакана курууга уруксат берилсин.
2. Курулуштун иш кагаздарын даярдоо, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө, өздүк салымды аныктоо жана ажыратып берүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам ченемдерин сактоо менен жүргүзүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
3. Курулуштун жүрүшүнө кошумча көзөмөл жүргүзүү жагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |
|
|