Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 19-декабры № 54
Кадамжай шаарынын 2018-жылга бюджетин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана 2019-2020-жылдардын бюджетинин болжомдуу планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе Кадамжай шаарынын 2018-жылга бюджетти жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу көлөмү “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин” мыйзамдардын негизинде түзүлүп, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2018-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 51402,9 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2018-жылга чыгашалар бөлүгү 51402,9 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кадамжай шаарынын 2019-2020-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2019-жылга кирешелер жана чыгашалары 54775,9 миӊ сом өлчөмүндө, 2020-жылга кирешелер, чыгашалар 58473,9 миӊ сом өлчөмүндө жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
5. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
6. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
7. Кадамжай шаарынын 2018-жылга бюджети 1-январь 2018-жылдан баштап ишке киргизилсин.
8. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б. Бегалиевке милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдраимов |