Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 19-декабры № 56
Кадамжай шаардык мэриясына боз үй сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеӊешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына боз үй сатып алууга жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б. Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |