Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он бешинчи сессиясы
2017-жылдын 26-декабры № 57
Кадамжай шаарынын Жийделик аймагына үлүштүк грант аркылуу заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеӊеши Кадамжай шаардык мэриясынын үлүштүк грант аркылуу Жийделик аймагына заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу боюнча сметасын жана шаардык кеӊештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Жийделик аймагына заманбап кичи футболдук аянтчасын курууга 3625000 (үч миллион алты жүз жыйырма беш миӊ) сомду түзгөн сметалык долбоордун 31% өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1125000 (бир миллион бир жүз жыйырма беш миӊ) сом акча каражаты 2018-жыл ичинде ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри В. Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |